19:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

«Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди чыңдоого, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн», — деп айтылат жарлыкта.

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Бишкекке расмий сапар менен келди. Эл аралык «Манас» аэропортунан аны министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Орусиянын лидери Бишкекте президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, 13-октябрда Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар