06:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сириянын өкмөт күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 33 түрк аскери мүрт кетти

Сириянын өкмөт күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 33 түрк аскери мүрт кетти. Муну Түркиянын расмийлери ырастады.

Анкара жооп катары Сирия өкмөтүнүн «баардык позициялары» бутага алынат деп эскертти. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу НАТО уюмунун баш катчысы Йенс Столтенберг менен дагы сүйлөшкөнү маалым болду.

Сириянын аскерлери Орусиянын жардамы менен Идлиб провинциясын көзөмөлгө алууга умтулуп жатат. Аймактагы козголоңчуларды Түркия колдоп келген.

Дамаск бул окуя боюнча эч кандай билдирүү тарата элек. Сириянын армиясы февраль айынын башында Иранга ыктаган аскер топтору менен чогуу Идлибдеги козголоңчуларга каршы аскердик операциясын баштады. Бул өз кезегинде Түркиянын нааразылыгын жана тынчсыздануусун пайда кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума