19:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кочкордо ымыркайын сатып жиберген эне жана ага жардамдашкандар соттолду

Кочкор районунда 2019-жылы жаңы төрөлгөн ымыркай баласын башка бирөөгө өткөрүп берген эне соттолду. Бул тууралуу Кочкор районунун прокурорунун орун басары Акжол Жусупов билдирди.

Маалыматка караганда, баланын энеси менен бирге ага жардамдашкан төрт адам тең сот жоопкерчилигине тартылды.

Райондо 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча жалпы 62 арыз катталып, анын 33ү тастыкталган. Жыл ичинде ички иштер бөлүмү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркыгандарга жана зомбулук көрсөткөн адамдарга 87 коргоо ордерлери берилди.

2020-жылдын 1-январь Ж.С. үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Прокуратуранын маалыматында, көз жумган аялдын балдары учурда таятасы жана таенесинин камкордугунда тарбияланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар