07:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт башчы: Аялдарынын өмүрүнө кол салгандар катаал жазага тартылышат

2020-жыл- Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланганын эске алуу менен, өкмөт аялдардын жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат», — деди өкмөт башчы.

Ал үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук — бул бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес экенин баса белгиледи.

«Бул укук бузуу, коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек. Зомбулук көрсөткөн адамды актай турган себеп жок жана болбойт дагы», — деди премьер-министр.

Эске салсак, Баткен жана Нарын облустарында 2 аял күйөөлөрүнүн колунан каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар