19:26
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кытайдан Алмата аркылуу дагы 40 кыргыз жараны учуп келди

Кытайдан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары учуп келди. Бул тууралуу казак ЖМКлары маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Пекинден 211 адам келди. Алардын 40ы кыргызстандыктар.

Кыргыз жарандары Бишкекке жеткирилгени айтылат.

Буга чейин Казакстандын жардамы менен Ухань шаарындагы 19 кыргызстандык Бишкекке жеткирилген.

Коронавирусту жуктургандардын саны 60 миң кишиге жетти.

 
Эң көп окулган жаңылыктар