21:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда коомдук экологиялык көзөмөл тармагы түзүлөт

Кыргызстанда коомдук экологиялык көзөмөл тармагы түзүлөт. Бул тууралуу «Экологиялык чечимдер институту» коомдук фондунун бет ачарында уюмдун жетекчиси Наталья Слепченко билдирди.

Ал Бишкек AirVisual рейтингинде акыркы 100 күндө 57 жолу абасы эң кир 10 шаарлардын катарына киргенин белгиледи. Наталья Слепченко өлкөдөгү башка шаарлардын экологиялык абалы боюнча маалымат жок экенин кошумчалады.

«Биз өлкө боюнча коомдук көзөмөл тармагын түзүүнү чечтик. AirVisual менен биргеликте 11 шаарда, алардын ичинде Кант, Кара-Балта, Чолпон-Атанын абасына байкоо салып турабыз. Биздин маалыматтар дүйнөлүк картада көрсөтүлүп, жыл жыйынтыгына кошууга мүмкүн болот», — дейт Наталья Слепченко.

Андан тышкары фонд жер үстүндөгү суунун сапатына байкоо жүргүзөт. Наталья Слепченконун айтымында, 18 көрсөткүч боюнча иликтеп чыгууга ылайыкташкан жабдуулар бар.

«Мониторингтин негизинде биз жарым жылдык жана жылдык жер үстүндөгү суу боюнча жыйынтыктарды берип турабыз», — дейт ал.

Мындан тышкары, фонд ичүүчү суунун сапатына өзгөчө маани берип, радиактивтүү булганууну такай өлчөп турат.

«Жыйынтыгында биз бирдиктүү экологиялык онлайн картасын түзүүнү көздөп турабыз. Анда бардык маалымат онлайн көргөзүлүп, мамлекеттик, бейөкмөт жана башка уюмдардын баарына ачык болот», — дей фонддун башчысы.

Наталья Слепченконун айтымында, фонддун негизги максаты экологияны жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аларды эксперттер, экологиялык коомчулук, жергиликтүү жана мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашыруу. Ошондой эле, Кыргызстандын жаратылышынын өзгөчөлүгүн сактоого кызыктар уюмдар менен ага ыңгайлуу чөйрөнү калыбына келтирүү болуп эсептелет.

«Биздин уюм — Кыргызстанда экологиялык маалыматтын күн тартибин аныктаган медиалык, эксперттик жана талкуулочу борбор. Фонд 2019-жылдын аягында түзүлгөн», — деп толуктады Наталья Слепченко

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума