21:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган киши кармалды

Кечээ Чүй облусунда Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы И.М. аттуу жаран Чүй дарыясын кечип, коңшу өлкөдөн Кыргызстан тарапка өтүп кетүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар