Кыргызстандагы «Чалдыбар-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 1,2 миллион сомдук күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, Казакстандан 2 жүк ташуучу унаа чиркегичтери менен келген. Текшерүү маалында 53 тонна күйүүчү-майлоочу май аныкталган.
Кыргызстандын 2 жараны жүк менен кошо Салык кызматынын бөлүмүнө териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.