18:53
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган кыргызстандык кармалды

«Чоң-Капка — автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1991-жылы туулган кыргызстандык жаран чек арачыларга башка бирөөгө таандык (документтеги сүрөт өзүнө окшошпогон) паспортту көрсөткөн.

«Териштирүү маалында кармалган жаранга Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынганы аныкталды. Мындан улам, ал чек арадан өтүү үчүн тууганынын паспортун колдонгонун айткан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар