11:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Чүй облусунда көзөмөл өткөрмө жайынан сырткары жерден Казакстанга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Чалдыбар аймагынан коңшу өлкөгө мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган 41 жаштагы кыргыз жараны кармалды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар