УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандарды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Манас аба майданы» көзөмөл өткөрүү пунктунан эл аралык аба каттам менен учуп келген Нигериялык жарандар Икене Анайо жана Ахмед Оламилеканды кармашкан. Алар жасалма электрондук виза аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет жасашкан.
Кармалган 2 жаран өз өлкөлөрүнө депортацияланды.