21:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Түркиянын жаранын кармашты

«Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Түркиянын жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, Казакстандан келген 35 жаштагы У.И. паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатып жасалма документти көрсөткөн. Анын паспортундагы мамлекеттик чек араны кесип өтүү тууралуу штапмта дата өзгөртүлгөнү аныкталды.

Кармалган жаранды УКМКнын аймактык бөлүмчөсүнө өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар