02:50
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган казакстандык жаранды кармашкан. Шектүү Чу дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер чогултулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума