14:18
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

БУУ коррупциялашкан өлкөлөргө бюджеттен уурдалган акчаны кайтарууга жардамдашат

БУУда коррупционерлер тарабынан өлкөдөн уурдалган каражаттарды кайтарууга көмөктөшөт. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүдө жемкорлук, алдамчылык менен уурдалган акчаларды чет өлкөгө чыгарып кетүү, ошондой эле салык төлөөдөн качуу айрым өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук болуп жаткандыгы айтылат.

БУУ алдында атайын топ түзүлүп, алар каржылык агымдардын ачыктап, каражаттардын мыйзамсыз ташылуусунун алдын алуу жана өлкөгө кайтаруу жолдорун иштеп чыгат.

«Жыл сайын миллиарддаган акчалар бир өлкөдөн экинчиге мыйзамсыз жол менен чыгарылып жатат. Аларды укук коргоо органдары тапканы менен мамлекетке кайтарууга мүмкүнчүлүк боло бербейт. БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын таянып, акчаларды кайтаруу боюнча иш алып барабыз. Дал ушул конвенцияда, каражаттарды кайра кайтаруу мүмкүнчүлүгү каралаган», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар