Талас облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө санитардык кызматкер сабалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.
Окуя 28-январда болгон. Жабырлануучу милицияга арыз жазды.
«Бейтапты көрүүгө келгендер палатага кирели дешкенде, аларды күтө турууну айтышкан. Жыйынтыгында пикир келишпестик жаралып, санитардык кызматкерди тээп жиберишкен. Аталган факт боюнча текшерүү жүрүүдө», — деп билдиришти ОИИББдан.
Оорукананын кызматкерлерине карата орой мамиле жасаган бул алгачкы окуя эмес. Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында жаңжал чыккан. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.