09:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жаңы вирус. Чагымчыл материал тараткан кыргызстандык Москвадан кармалды

Орусияда жашап иштеп жүргөн кыргызстандыктар арасында «Кыргызстанда коронавирус катталды» деген такталбаган, чагымчыл материалдарды WhatsApp жана башка соцтармактар аркылуу таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, чагымчыл мүнөздөгү маалымат коомчулукка тез тарап, эл арасында кооптонууну пайда кылууда.

«Орусиядагы ИИМ өкүлдөрү Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кызматы менен биргеликте иликтөө жүргүзүштү. Жыйынтыгында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 1992-жылы туулган Ж.Ы. аттуу тургуну (Москвада кампалардын биринде иштейт) маалыматтарды таратып жүргөнү аныкталды. Ага жалган маалымат таратканы үчүн жазага тартылары эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

Ж.Ы. күнөөсүн моюнуна алып, материалдарды интернет булактарынан, ошондой эле Казакстанда жүргүзүлгөн коронавируска каршы реакция кылууга окутуу сабактарынан алганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума