06:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Милиция № 3 балдар клиникалык ооруканасында дарыгерге кол салган аялды издөөдө

Милиция кечээ № 3 балдар клиникалык ооруканасында дарыгерге кол салган аялды издеп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыгер укук коргоо органдарына кат жүзүндө арыз жазган. Анда баласы менен келип дарыгерди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залака келтирген аялга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталды. Ошондой эле денеге залака келтирүү фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыкты. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар