18:54
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Нарында жер титиреди

Кечээ саат 19:10 чамасында Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Нарын районунун Тегерек, Ылайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында 4 баллга, Ак-Талаа районунун Кадыралы, Шоро айылдарында жана Нарын районунун Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, 8-Март, Сары-Иймек, Лесхоз айылдарында 3,5 баллга, Ак-Талаа районунун Ак-Булак айылында жана Нарын районунун Кара-Ой, Учкун, Достук, Мин-Булак айылдарында 3 баллга жана Нарын шаарында 2,5 баллга чейин жеткен.

Жаыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар