21:11
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде 229 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде (20.01.20-ж) 229 бейтап кайрылып, алардын 72си ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,  ооруканага жаткандардын 67си жаш балдар.

Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 16 адам кайрылса, 6сы ооруканага жаткырылып, 10 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 61 адам кайрылган, алардын 37си ооруканага жаткырылып, 24 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар