00:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовду тергөө абагына киргизишти

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовду (Казак лакап аты менен таанымал) тергөө абагына киргизишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим кечээ кабыл алынган. Умар Маратов 17-январга караган түнү «Народный» дүкөнүнө каракчылык менен кол салууга шектелип кармалган. Соттук токтому менен ал № 5 тергөө абагына 1 айга камалды.

Эске салсак, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү оор кылмышка айыпталууда. Ал жашы жете элек кызды зордуктоого, ошондой эле Оштун мурунку мэринин кичүү инисине кол салууга шектелип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума