19:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип күрөш федерациясынын вице-президенти кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Ахрор Иминов

Маалыматка ылайык, И.А.Х. жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишине катышкандыгы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн орток кассасы үчүн алардын ишмердүүлүгүнөн каражат (жалпы пайдадан болжол менен 30 пайыз) чогултууга катышкандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшүн көзөмөлдөгөн федерациянын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллоевич.

Ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар