10:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча сот. Аппеляциялык арыздарды кароо процесси 20-январда башталат

Бишкек шаардык соту Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча айыпталгандардын жактоочуларынын аппеляциялык арызын кароо боюнча отурумдун датасын аныктады. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, процесс 20-январда башталат. Маалыматка караганда, баардык айыпталуучулардын жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө даттанышты.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Эң көп окулган жаңылыктар