19:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 59 бейтап жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (14.01.20-ж.) 199 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 129у жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 59у ооруканага жаткырылды, алардын 53ү жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 16 адам кайрылса, 8и ооруканага жаткырылып, 8 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 57 адам кайрылган, алардын 25и ооруканага жаткырылып, 32 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар