ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундан 2 жарым килограммдык гашиш таап чыгышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, 35 жаштагы А.И.ни текшерүү маалында 2,465 килограммдык баңгизат табылды.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.