02:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого катышат

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы быйыл боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетинде. Бул тууралуу журналисттерге партиянын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Ал суроолорго жооп берип жатып, сайсий уюмдун съезд өткөрө турганын айтты. Анда депутаттыкка талапкерлердин тизмеси түзүлөт. Форумдун өтө турган күнү Жогорку Кеңешке шайлоо датасы расмий жарыялангандан кийин белгилүү болот.

Партиялык тизмени Адахан Мадумаров өзү жетектейт.

Эске салсак, 54 аймактык шайлоо комиссияларында жана 2 миң 400 участкалык шайлоо комиссияларында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 560,4 миллион сом коротулат.

Эң көп окулган жаңылыктар