15:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, зилзала Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар