Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (08.01.20-ж.) 263 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Кайрылгандардын ичинен 181и жаш балдар.
«Кайрылгандардын 71и ооруканага жаткырылган, алардын 64ү жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 23 адам кайрылса, 13ү ооруканага жаткырылып, 10 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 104 адам кайрылган, алардын 33ү ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.