08:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 310 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (07.01.20-ж.) 310 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 253ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кайрылгандардын 80и ооруканага жаткырылды, алардын 72си жаш балдар», — деп айтылат маалыматта.

Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 25 адам кайрылса, 11и ооруканага жаткырылып, 14 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 127 адам кайрылган, алардын 37си ооруканага жаткырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар