13:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өзгөн районунда баңгизатын сатууга шектүү жаран кармалды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда баңгизатын сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББден билдиришти.

Большевик айылынын 61 жаштагы тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында ал баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталды.

«Күбөлөрдүн катышуусундагы тинтүү маалында болжолдуу салмагы 4 килограммдык өзгөчө жыты бар зат жана сайлуу револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар