Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бүгүн саат 07:15те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.