02:49
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 297 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (30.12.19-ж.) 297 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 233ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кайрылгандардын 73ү ооруканага жаткырылды, алардын 65и жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 18 адам кайрылса, 4 ооруканага жаткырылып, 14 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн», — деп жазылат билдирүүдө.

Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 151 адам кайрылган, алардын 48и ооруканага жаткырылып, 103 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар