00:08
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Акыркы жума ичинде өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны 5,5 пайызга өстү

Акыркы жума ичинде Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны 5,5 пайызга өстү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки жаш балдар.

Министрликтин өкүлдөрү өлкөдө жалпысынан эпидемиологиялык абал туруктуу экенин кошумчалашты.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын баардык Үй-бүлөлүк медицина борборлору жана күндүзгү стационарлар майрамдык эс алуу күндөрү штаттык тартипте иштейт. ҮМБнын ишемби, жекшемби күнкү иштөө тартиби 8.00 дөн 18.00гө чейин узартылды. Ошондой эле Тез медициналык жардам борборунда 103; 1833 байланыш телефондору аркылуу дарыгердин кеңеш берүү кызматы күнү-түнү иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар