07:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аламүдүн районунда жубайлардын урушу адам өлүмү менен аяктады

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда жубайлардын урушу адам өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-декабрда милицияга Беш-Күңгөй айылындагы аскер госпиталына бычактан жарадар болгон аял келип түшкөнү кабарланган.

«24 жаштагы Ы.П. алган жаракатынан улам каза болгонун милиция аныктады. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошол эле күнү милицияга Арашан айылындагы ооруканага бычактан жаракат алган эркек киши келип түшкөнүн билдиришкен. Алдын ала маалыматка караганда, ал өзүнө өзү бычак сайган. 28 жаштагы Ч.Р. каза болду», — деп билдиришти ОИИББдан.

Маалыматка караганда, Ы.П. менен Ч.Р. аялы жана күйөөсү болгон. Алар 3 жылдан бери бирге жашап, 2 баланы тарбиялап жатышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар