13:51
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сокулук районунда адам өмүрүнө кол салууга шектүү аял кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда адам өмүрүнө кол салууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-декабрда милицияга аймактык ооруканадан бычактан жарадар болгон аял тууралуу маалымат түшкөн.

«Жабырлануучу 32 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты. Ал ким бычак сайганын билбейт. Айтымында, жакын таанышынын үйүндө курбу кыздары менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү катары 31 жаштагы Р.Б. кармалды», — деп билдиришти ОИИББдан.

Алдын ала маалыматка ылайык, мас абалдагы аялдар ортосунда чыр чыгып, бирөөсү курбусуна бычак сайган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума