16:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сузакта бычакталган келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

Жалал-Абадда төрт балалуу келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Окуя Сузактын Лавдан-Кара айылында 25-июлда болгон. Бул тууралуу «Азаттык» сайты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы келинди күйөөсү кызганычтан улам токмоктоп, бычактаган.

31 жаштагы шектүүгө карата иш козголуп, эки айга камакка алынды.

ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. 2017-жылы кылмыштын бул түрү үчүн айыпталган 7 миң адамга иш козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар