04:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атасы тарабынан бычакталган өспүрүмдүн абалы оор

Атасы тарабынан бычакталып № 3 Балдарды коргоо бейтапкапканасына жеткирилген өспүрүмдүн абалы оор, бирок жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып өз алдынча дем алып калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эске сала кетсек, каргашалуу окуя 6-март күнү түшкү саат 12:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө аялын өлтүрүп, баласын бычактап, өзү ваннада жанын кыйган ата жөнүндө каргашалуу окуя маалымдалган.

Окуяда 10 жашар бала № 3 Балдарды коргоо бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, ушул күнгө чейин ал жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алып келген болсо, учурда өз алдынча дем алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар