12:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сокулукта кайненесин бычактаган киши колго түштү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тартип сакчылары кайненесин бычактаган кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Буга чейин бычактан алган жаракатынан улам аял киши Бишкектеги ооруканалардын бирине түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган. Аялдын өздүгү такталып, ал 54 жаштагы Р.Б. аттуу Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну экендиги аныкталган.

Жабырлануучу өзүнө келгенде сурак берип, кылмышты анын күйөө баласы жасагандыгын айткан. Билдирүүсүнө ылайык, ошол күнү таң эртең менен күйөө баласы жөн жерден бычак менен сайып жиберген.

Аталган кылмышка шектүү 33 жаштагы К.У., аттуу жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар