07:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто эки дос уруша кетип, бири экинчисине бычак сайды

Ошто эки дос уруша кетип, бири экинчисине бычак сайды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Жабырлануучу, жергиликтүү кафенин ашпозчусу аймактык ооруканага жаткырылды.

«Шектүү менен жабырлануучу достордон болушкан. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, 21 жаштагы М.У. ашкана бычагы менен шеригинин курсагын сайып жиберген. Шектүү из жашырып качып кеткен. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. М.У. издөөгө алынды», — деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар