21:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдүн тургуну бычактан жаракат алып каза болду

Аламүдүн РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургуну бычакталды деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, белгисиз бирөө мал базардан 27 жаштагы Т.Ж.га бычак сайып качып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон.

Аталган окуяга шектүү делип 35 жаштагы М.Б. кармалды. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кылмыш иши уруштан келип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар