04:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 329 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (23.12.19-ж.) 329 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 234ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кайрылгандардын 76сы ооруканага жаткырылды, алардын 67си жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 26 адам кайрылса, 12 ооруканага жаткырылып, 14 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 112 адам кайрылып, алардын 34ү ооруканага жаткырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар