03:28
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Баңгизатын мыйзамсыз таратып, сатып өткөрүп жүргөн интернет-дүкөн аныкталды

Бишкекте жана Чүй облусунда баңгизатын мыйзамсыз таратып, сатып өткөрүп жүргөн интернет-дүкөн аныкталды. Бул тууралуу Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

34 жаштагы А.И.нин үйүн тинтүүгө алганда ноутбук, катуу диск, Wi-Fi роутерлерин, флеш-карталарды, сим-карталарды активдештирүү үчүн аппарат, телефон, марихуана, шпирцтеги гашиш майы, ак түстөгү майдаланган зат, изолента, электрондук тараза, кол каптар, баңгизатын салуучу баштыкчалар, Кыргызстандын жана Орусиянын банктык карталары табылды.

Аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар