08:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда дарыгерлер менен мугалимдердин пенсиясы 4 миң сомго жетпейт

Кыргызстанда дарыгерлер менен мугалимдердин пенсиясы 4 миң сомго жетпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова айтты.

Анын билдирүүсүндө, мугалимдер менен дарыгерлер пенсияга чыккандан кийин акчаны айдан айга эптеп жеткирип жашоого мажбур болушат. Бул үчүн депутат уялып жатканын кошумчалады.

Депутатты кесиптеши Иса Өмүркулов колдоп чыкты. Ал өкмөттү резевдерди карап чыгып, бюджеттик мекемелерде иштегендердин пенсиясын көбөйтүүгө чакырды.

Буга чейин бюджеттик уюмдарда иштегендердин айлык акысы эң аз −5 миң сомго жакын, ал эми минималдуу пенсия — 1 миң 173 сом деп кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар