05:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 21-декабрда күндүз жана 22-23-декабрларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

24-26-декабрларда абанын температурасы абдан төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −15...-20°, күндүз −3...-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө −7...-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −4...-9° суук, күндүз 0...5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн −7...-12° суук, күндүз −3 сууктан...+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −6...-11°, күндүз −3 сууктан...+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −20...-25°, күндүз −5...-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн −24...-29°, күндүз −12...-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн −15...-20°, күндүз −5...-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-25...-30°, күндүз −10...-15° суук болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар