03:47
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Органдарды сатуу. Кыргызстандыктар анализдерин Казакстанда тапшыра алышпайт

Кыргызстандыктар органдарды сатууга байланышкан чырдан кийин анализдерин Казакстанда тапшыра алышпайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы хирургу Нурлан Галбаев билдирди.

Анын айтымында, биздин өлкөдө лабораториялык кызмат анчалык өнүккөн эмес, мындан улам анализдерди коңшулардан убактылуу тапшырып жүрүшкөн. Бирок ал жакта чет элдик жарандарды лабораториялык изилдөөдөн өткөрүүгө тыюу салынды.

«Биз мунун үстүндө активдүү түрдө иштеп жатабыз. Эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрлери жолугушуп, Казакстандагы республикалык кан борборунун базасында текшерүүдөн өтүү боюнча оозеки келишим жүргүзүлдү. Эми кат жүзүндө тастыктоону күтүп жатабыз, ошондо гана операцияларды жасоону улантабыз», — деди Нурлан Галбаев.

Анын айтымында, 2010-жылдан бери Кыргызстанда органдарды алмаштыруу боюнча 38 операция жасалган. Быйыл бөйрөктү алмаштыруу боюнча 8 операция жүргүзүлдү.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстан, Кыргызстан жана Украинанын жарандары оор материалдык абалдан улам бөйрөктөрүн сатышканы маалымдалган. Анда казакстандык трансплантологдор кармалышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби