12:12
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Президенттин «факт сураганы» Адахан Мадумаровдун сынына калды

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын башчысы Адахан Мадумаров маалымат каражаттарына карата соттук доолорго байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берип, ушул маселеде президент Сооронбай Жээнбековдун «факттарды көрсөткүлө» деген сөзүн сындады.

«Ар бир сөздү сүйлөгөндө «мага факт керек» деп отура берсе, анда акимдердин эмне кереги бар? Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын эмне кереги бар? Министрлердин, өкмөттүн эмне кереги бар? Ар бир киши ар бир нерсени өзү далилдеши керек экен да», — деди саясатчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда Дубай шаарында журтташтар менен жолугушканда Чолпон Абдырахманова аттуу айым «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча суроо берген. Мамлекет башчынын ага «факт алып келип көрсөт» деген өңүттөгү жообу социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Эске салсак, бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко бергенин Свердлов райондук сотунан билдиришкен.

Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

«Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтей турганын УКМКдан билдиришкен болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар