17:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады. Бул тууралуу маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Алардын айтымында, Райымбек Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү») боюнча шектелүүдө.

УКМК бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Өткөн жылы күзүндө Райымбек Матраимов Кыргызстандан Түркияга, андан ары Дубайга кетиши мүмкүн экени айтылган. Kaktus.media билдиргендей, ал мамлекеттик бюджетке бир нече жүз миллион сом которууну убадалап, бирок аны аткарбай, из жашырган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовго коррупция айыбы менен иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө «мафия түзгөн» деп айыптаган.

Матраимов акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар