11:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Матраимовдордун ЖМКга каршы доосу боюнча соттук процесс башталды

Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык», Kloop ЖМКларына жана журналист Али Токтакуновго карата доо арызын кароо боюнча соттук процесс башталды. Сотто Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда. 

Доогерлер — Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын жубайы Миновар Жумаева, Бажы кызматынын жетекчиснин мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар