18:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин камакка алынды

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-беренеси (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Райымбек Матраимов 26-мартта Бакудан Бишкекке алынып келинген. «Анын Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды», — деп билдирген УКМК.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2020-жылы октябрда ага бажыдагы коррупция боюнча айып тагылган. Бир эле кылмыш иши боюнча келтирилген зыян 2 миллиард сомду түзгөн. Ал аны эки ай бою төлөп, көпчүлүгүн кыймылсыз мүлк түрүндө кайтарган. Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар