12:42
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Акаев: «Азаттыктын» иликтөөсүндө аталган ишкерлер резиденциянын ичине үй курган

«Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялаган иликтөөдө аты аталган чет элдик ишкерлер мамлекеттик резиденциянын ичине резиденция куруп беришкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, иликтөөдө айтылган маалыматтар мында дагы терең. Айеркен Саймати менен бир топ саясатчылар жакындан кызматташып келген.

«Кыргызстандан чыккан акчалар Айеркен Саймати аркылуу Сирияга чейин жетип турган деген маалыматтар бар. Стамбулдагы башкы консул Сопоков Кыргызстанда бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан атактуу криминалдык төбөлдөрдүн биринин жакын досу», — дейт ал.

Жанар Акаевдин маалыматында, иликтөөдө аты аталган чет элдик ишкерлер буга чейин Кыргызстанды башкарган кишилердин атынан чоң мечиттин курулушун каржылаган.

«Алар жеке учагы менен учуруп, керек болсо резиденциянын ичине кошумча резиденция куруп бергени тууралуу маалыматтарды да иликтөө ачыкташы зарыл», — дейт депутат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү