14:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Райымбек Матраимовдун үч бир тууганы дагы камакка алынды

Үч бир тууган — Тилек Матраимов, Исламбек Матраимов  жана Руслан Матраимов камакка алынды. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Исламбек Матраимов менен Руслан Матраимовго 222-берене (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагылып, алар 18-майга чейин камакка алынды.

Соттун маалыматы боюнча, Тилек Матраимов кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси (Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси) боюнча шектелип жатат. Ал 26-апрелге чейин камакта болот.

Эске салсак, Биринчи май райондук сотунун чечими менен Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-беренеси (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Райымбек Матраимов 26-мартта Бакудан Бишкекке алынып келинген. «Анын Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды», — деп билдирген УКМК.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2020-жылы октябрда ага бажыдагы коррупция боюнча айып тагылган. Бир эле кылмыш иши боюнча мамлекетке келтирилген зыян 2 миллиард сомду түзгөн. Ал аны эки ай бою төлөп, көпчүлүгүн кыймылсыз мүлк түрүндө кайтарган. Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар